Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:01
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

УКМК гумжардам боюнча тергөө жүргүзүүдө: Талас мэри Жузупбеков эмне дейт?

06.05.2020 13:03
1110
УКМК гумжардам боюнча тергөө жүргүзүүдө: Талас мэри Жузупбеков эмне дейт?


Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков Кыргыз өкмөтү тарабынан берилген гуманитардык жардамдын айланасындагы териштирүү иштери боюнча комментарий берди.


А.Жузупбековдун айтымында, план боюнча өкмөттүн гумжардамын Таластын 972 тургуну алмак. Бирок азык-түлүк пакети саны пландалган тизмеден көп болчу. Жыйынтыгында жалпысынан 993 адам жардам алган. Бул үчүн 10 топтон турган комиссия түзүлгөн. Жалпысынан комиссиянын 42 мүчөсү мониторинг жүргүзүп, муктаж болгондорго таратып беришкен. Бирок мурда жардам алгандар экинчи ирет кайталап албагандай кам көрүлгөн.


Мэр билдиргендей, ал жерде териштирүү документтердин кечиккени жана таразадагы жетпей калган граммдар болду. УКМК да жеке мэрдин үстүнөн деген жок, жалпы мэриянын үстүнөн 320-берененин 2-пункту (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) деп териштирүү жүргүзүп жатат.


Мурдараак Талас шаарынын мэриясы калаа башчысы Айдар Жузупбековдун үстүнөн тергөө башталгандыгы кабарланган.


Маалыматка ылайык, айрым ЖМК өкүлдөрү муктаж болгон жарандарга бөлүнгөн гуманитардык каражаттардын бир бөлүгүн өзүн ыйгарып алгандыгы үчүн шаар мэри УКМК өкүлдөрү тарабынан кармалгандыгы тууралуу маалымат жазышкан.


Бирок шаардык муниципалитет мэрдин кармалгандыгы тууралуу маалыматты жокко чыгарган.


Айдар Жузупбеков көрсөтмө берип жатат. Азыр иш такталууда, ал камакта эмес. Талас шаарына өкмөт тарабынан гуманитардык жардам берүү үчүн 777 600 сом бөлүнгөн. 28-апрелде акча каражаты келип түшкөндө ар бири 800 сомдон турган 972 социалдык пакет даярдалган. Алардын ичине ун азыктары, күрүч, шекер жана башка азыктар салынган. Дүкөндөрдөн азык-түлүктөрдү сатып алуунун алдында комиссия түзүлбөй калган. Иш аткарылып, бирок документтештирүү жагында мүчүлүштүктөр болгон. Азык-түлүк пакеттери тизме боюнча таратылып берилген. Акыркы 300 соцпакет калганда УКМКнын өкүлдөрү текшерүүгө келишти. Текшерүү учурунда салынган азыктар белгиленген өлчөмдөн аз экени аныкталган. Бирок ошол учурда дүкөндөгү ошол азык-түлүктөрдү саткандар күнөөнү моюнга алышкан жана алар ордун толуктап берүүнү убада кылышкан”, - деп айтылат мэриянын маалыматында.


Ал эми мэриянын өкүлдөрү соода кылган дүкөндүн ээси Эсен Казакбаев төмөндөгүлөрдү билдирди:


Өткөн жумада мэриядан чалышып, айтышты: “Эсен, сенин дүкөнүңдө баа арзан дүңүнөн сатылат. Бизге азык-түлүктөн жардам берүү максатында акча бөлүнгөнү жатат, бизге 972 пакет даярда. Карантинде эл ачка алды” дешти. Ал күндөр ишемби күнгө такалып калгандыктан, «Акчаны биринчи күндөрү которобуз. Тиешелүү документтерди дагы ошол учурда бүтүрүп коебуз» деп айтышты. Биз бул орозо күнү жардам берели деп, өзүм баш болуп 20 чакты адам болуп, баштыктарды даярдадык. Баштыктар даярдалып бүткөн соң күрүчтөн 5 кап артып калды. Эртен мага да жүз керек, таразадан кетти деп, ал капты өздөрү менен салып бердик. Ал жерде мэриянын кызматкерлери, өзүм баш болуп жүргөм. Андан көп өтпөй эле мындай ызы-чуу чыкты.


Мэрия тарапка текшерүү жүрүп, «ал дүкөн бай болсо да акча жеп алды» деп мени каралашты. «Айыпты мойнуна алды, артып калган сумманы өндүрөт» деп жүрөт. Андай эмес, алардан калган сумма өздөрүнүн эсебинде турат. Ал жерде бардык азык-түлүк дүң баада эсептелинип берилген, бааларын көрсөңүздөр болот.


Баштыкка салынган азыктардын тизмеси:


- май 3 литр 255 сом;


- шекер 3 кг 111 сом;


- нокот 1 кг 37 сом;


- күрүч 2 кг 110 сом;


- рожки 2 кг 90 сом;


- баштык 5 даана 4 сом 72 тыйын;


- сгущенка 1 даана 44 сом;


- кургак чай 135 сом.


Ар бир баштыктын баасы 786 сом 71 тыйынды түзөт. Мындай баштыктан 972 даана жасалды. Ар бир баштыктан 13 сом 29 тыйындан артып калып, бүгүнкү күндө алардын эсебинде турат. Бул жерде мэрдин деле күнөөсү жок. Бардык маселе кагаздардын (келишимдердин) убагында жасалбаганында болууда», - деп билдирген Казакбаев.


Булак: turmush.kg

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн