Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:19
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

УКМК издеп жаткан депутат Жамгырчиев Нарын облусунда экенин билдирди

03.01.2023 12:32
489
УКМК издеп жаткан депутат Жамгырчиев Нарын облусунда экенин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Депутат Жамгырчиев акыркы кезде өзү тууралуу тараган маалыматтар боюнча да билдирүү калтырган.


"Акыркы кезде мага байланыштуу ар кандай маалыматтар тарап кетти. Буга чейин билдиргенимдей мен атамдын оорусуна байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасына эмгек өргүүгө чыгуу жөнүндө билдирүү бергенмин.

Иним каза болгондугуна байланыштуу атамды өзүм карайм.

Мен чет өлкөгө мыйзамсыз чыккан эмесмин. Кыргызстанды таштап кетпейм. Нарын облусунда өзүмдүн да ден соолугума байланыштуу дарыланып жатам",- деп билдирди депутат Жамгырчиев.


Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети депутат Эмил Жамгырчиев Кыргызстандын аймагында жоктугуна байланыштуу чек араны мыйзамсыз кесип өткөн болушу мүмкүн деген маалымат тараткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн