Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

УКМК издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун Оштогу үйүнүн дарбазасына мөөр басып кетти

15.02.2024 11:19
140
УКМК издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун Оштогу үйүнүн дарбазасына мөөр басып кетти


УКМК издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун Оштогу үйүнүн дарбазасына мөөр басып кетти. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы билдирди.


Маалыматка ылайык, Ош шаарында кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга айыпталып издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнүн үйүнүн дарбазасына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) мөөр басып кеткен. Учурда атайын кызматтын тергөөчүсүнүн колу коюлган мөөр кагаз дарбазада чапталып турат.


Үй Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндө жайгашкан. Матраимов өзү же анын жакындары буга комментарий бере элек.


Эске салсак, УКМК Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине алынганын өткөн жумада билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн