Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:28
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

УКМК казакстандык ишкерге козголгон кылмыш ишин токтотту

20.06.2024 10:47
334
УКМК казакстандык ишкерге козголгон кылмыш ишин токтотту


Жуманбаев Владимир Викторовичке карата Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо боюнча кылмыш ишин козгоо токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында "Мыйзамдагы ууру" К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Казакстандын ири бизнесмендеринин бири - Джуманбаев Владимир Викторович тарабынан каржылоонун айрым фактылары аныкталган.

Бирок, 2024-жылдын 19-июнунда В.Жуманбаев Кыргызстанга келип, анын активдүү катышуусу менен тергөө органдары тарабынан бир катар тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында В.Жуманбаевге мурда коюлган айыптар, УКТнын ишмердүүлүгүн каржылоого тиешеси жоктугуна байланыштуу алып салынып, сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн