Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 01:03
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

УКМК кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалардын кезеги боюнча түшүндүрмө берди

30.07.2021 14:33
1346
УКМК кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалардын кезеги боюнча түшүндүрмө берди

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда 120га чукул жүк ташуучу унаа кезек күтүп турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.


Ага ылайык, жүк ташуучу унаалардын мындай тыгыны жүк ташуу агымы көбөйгөндүктөн улам жаралган. Чек ара кызматы бул кайталанып турган көрүнүш экенин белгиледи.


"Кыргыз-казак чек арасынын башка өткөрүү жайларында автоунаалардын мындай кезек күтүүсү катталган жок", — деп жазылат маалыматта.

Чек ара кызматы ичинде жүгү жок автоунаалар Казакстанга "Кең-Булуң" пункту аркылуу өтө аларын эскертти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн