Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 15:37
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

УКМК: Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары кармалды

УКМК: Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары кармалды


Кыргыз Республикасынын УКМК ККК жана Аскер прокуратурасынын мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын жана Өкмөттүн Аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радиожыштыктарды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүүдө жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 15-декабрында аталган иштин алкагында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы "А.А.М." кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн