Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:08
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

УКМК мамлекетке 3,7 миллон сом зыян келтирилгенин аныктады

УКМК мамлекетке 3,7 миллон сом зыян келтирилгенин аныктады

«Ала-Арча» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүндө коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин  басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, УКМК коррупциялык фактыларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмүндөгү ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу") кылмыш белгилери боюнча Кылмыштарын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, КР президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармасына караштуу «Ала-Арча Кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы» мамлекеттик мекеменин ишиндеги одоно мыйзам бузуулар аныкталды.

«Ала-Арча» КМЖП балансында турган бодо малдын иш жүзүндөгү жана документалдык санын салыштыруу учурунда 39 баш жылкы жана 26 баш топоз жетишпегендиги аныкталды.

Такталган маалымат боюнча, жооптуу адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 3,7 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Учурда УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн