Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 20:18
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

УКМК мамлекетке 5 млрд сомдон ашык каражат которду

15.04.2021 14:24
1016
УКМК мамлекетке 5 млрд сомдон ашык каражат которду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин органдары тарабынан 5 млрд сомдон ашуун каражат бюджетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.


Алардын;

- 2 млрд сом мүлк түрүндө;

- 3 млрд сомдон ашыгы акчалай түрүндө.

Ошол эле учурда, бул каражаттардын бир бөлүгү учурда тергөө амалдары жүрүп жаткан кылмыш иштери боюнча тергөө иштери аяктаганга чейин УКМКнын депозиттик эсебинде топтолот. Тергөөнүн жыйынтыгында, каражат толугу менен мамлекеттик бюджетке которулат.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 22-январында "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" КР Мыйзамына толуктоолор киргизилген, ага ылайык укук коргоо жана көзөмөл органдары жарыяланган каражаттарды өз муктаждыктары үчүн колдонууга укугу жок.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн