Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:42
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК мамлекеттик байланыш агенттигиндеги коррупциялык фактыларды аныктады

15.02.2021 13:55
517
УКМК мамлекеттик байланыш агенттигиндеги  коррупциялык фактыларды аныктады



УКМК ККК тарабынан Мамлекеттик байланыш агенттигинде көзөмөлдөнгөн компанияларга радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия берүүдө Кыргыз Республикасынын колдонулган мыйзамдарын бузуу менен дагы бир коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Такталгандай, Мамлекетик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси жеке бир компаниялардын биринин өкүлү менен жең учунан сүйлөшүп алышып, Бишкек жана Ош шаарларында зымсыз туташуу  станцияларын иштетүү үчүн аларга 20 МГц өткөрмө жөндөмдүүлүгү бар радиожыштык спектрин колдонууга лицензия берген.


Ал эми аукционго коюлган радиожыштык спектринин баштапкы баасы 61,5 миллион сомду түзүп, мамлекеттин кирешесине кириши мүмкүн болгон.


(Маалымат үчүн: Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан конкурстардын (аукциондордун жана конкурстардын) негизинде гана берилет).


Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу чаралары көрүлүүдө.


Мындан тышкары, ККК радиожыштык спектрлерин пайдаланууга, аларды кийин аукциондо сатуу үчүн негизсиз берилген лицензияларды түзүү жана мамлекетке кайтаруу боюнча жигердүү иш алып барылууда, жана бул бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.


Азыркы учурда, тергелип жаткан кылмыш иштери боюнча көрүлгөн чаралардын алкагында жалпы баасы 143,7 миллион сомду түзгөн радиожыштыктарды мамлекетке кайтарып берди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн