Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 10:09
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

УКМК массалык башаламандыкка элди үндөдөгөн интернет колдонуучуну кармады

11.12.2023 13:07
257
УКМК массалык башаламандыкка элди үндөдөгөн интернет колдонуучуну кармады


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) күн мурун массалык башаламандыкка элди үдөдү деп интернет колдонуучуну кармады.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси боюнча (“Массалык баш аламандык”) козголгон кылмыш кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө массалык баш аламандыкка жана мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбоого чакырыктарды дайыма жарыялап турган “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Айман Манап” аккаунтунун колдонуучусу, КРнын 1983-жылы туулган Б.Д.М. аттуу жараны аныкталып, кармалды.

Өз аракети үчүн жоопкерчиликтен качуу үчүн колдонуучу Б.Д.М. купуялык сырларын колдонуп келген, б.а. Facebook социалдык тармагында фейк аккаунтун колдонгон.

Б.Д.М. жашаган жеринде ыкчам тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө анын уюлдук телефону, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынды. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн