24-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин ММК өкүлдөрү үчүн берген маалымат жыйынынан кийин атайын кызмат менен Жогорку соттун ортосунда кадимкидей тирешүү пайда болуп калды.
Камчыбек Ташиев анда соттор тууралуу кеңири сөз кылып, айрым соттордун кызматтык абалынан пайдаланып ашыкча байып кетишкенин, борбор калаада эле ондогон батирлери барларын, минген машинелери 100 миң доллар, кийген шубалары 5 миң доллар, бут кийими 1000 доллар тураарын айтты. Анан дагы үй-бүлөсүн алып чет өлкөлөргө эс алуу үчүн кеткен соттор да бар экенин белгиледи.
"Биз сотторду текшерип жатабыз. Кечээ эле дагы бир сот үй-бүлөсүн алып Дубайга кетип калыптыр. Жакында кармалган соттун 20 квартирасы бар экен. Бул эмне деген шумдук! Биз айтып оозду жыйгыча дагы бирөө Дубайга эс алганы кетиптир. Соттордун шубасы 5 миң доллар, өтүгү миң доллар экен. А унаасы 100 миң доллар. Эми биз катуу чараларды көрөбүз", - деп билдирди УКМКнын башчысы. Ал соттор декларациясында эмнени көрсөтсө, ошонусу менен жашайт деди. Мисалы, декларациясында «Хрущевка» деп көрсөтүлсө, анда ошол батиринде жашашы керек экенин айтты.
Мындан сырткары ал Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата да кылмыш иши козголгонун билдирди. "Материалдарды Соттук кеңештин Тартиптик комиссиясына жолдодук. Эгерде комиссия Жогорку соттун төрайымын жоопко тартуу боюнча макулдугун берсе, аны эртең камакка алабыз жана жогорку кызматына карабай жоопко тартабыз. Ал мыйзамды бузду. Бул кадамы аркылуу мамлекетке чоң зыян келтирди. Бирок иштин чоо-жайын так айта албайм", - деди ал.
Ошентип аталган маалымат жыйыны коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Буга чейин эч бир мамлекеттик үлкөн чиновник иштеп жаткан Жогорку соттун төрайымынын (төрагасынын) дарегине мындай кескин билдирүү айткан эмес эле? Анан дагы Кыргызстанда соттордун ашкере коррупциялашып кеткени мектеп окуучуларына дейре белгилүү болгону менен, алардын 100 миң долларлык машине айдап, ондогон квартираларды алып койгону тууралуу маалымат ачык айтылчу эмес.
Албетте, УКМК төрагасынын айткандарына карата Жогорку соттун жообу кечиктирген жок. Аталган мекеменин басма сөз кызматы Калиеванын да ралаштыгы бар деп айтылган «Жергиликтүү сот» системасы боюнча долбоор Европа биримдигин «Кыргызстандагы мыйзам үстөмдүгү» долбоорунун алкагында ишке ашырылганын жана ал боюнча тендер өткөрүү жана тандоо ишин эл аралык уюм өзү жүргүзгөнүн, Жогорку соттун жетекчилиги менен кызматкерлери айтылган айыптоолорго тийиштүүлүгү жоктугун билдирди. Ошол эле убакта КР судьялар кеңеши президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго ачык кат жолдошуп, анда күнөөсүздүк презумпциясы деген бар экенин, анан дагы акыркы убактарда сотторго укук коргоо органдары тарабынан болуп көрбөгөндөй кысымдар жана куугунтуктоолор болуп жатат деген маанайды жеткиришти.
«Күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш ишинин негизги принциптеринин бири болуп саналат, ал адам кылмыш жасагандыгы боюнча күнөөсү мыйзамда белгиленген тартипте далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен аныкталганга чейин күнөөсүз деп эсептелет. Акыркы окуялар укук коргоо органдарынын жашыруун кысым көрсөтүүсүнүн далили. Буга жол берилбеш керек!», - деп жазылат анда.
Албетте, күнөөсүздүк презумпциясы деген бар. УКМК төрагасынын Жогорку соттун төрайымына карата кылмыш иши козголгону тууралуу билдирүүсү бир аз одоно болуп калды. Балким, аны азырынча айтпай турса болмок. Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы уруксат бергенден кийин Калиевага карата кылмыш иши козголгону өзүнөн-өзү белгилүү болмок жана ал мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылмак.
Бирок, бир нерсени моюнга алышыбыз керек. Буга чейин «Карга карганын көзүн чукубайт» болуп, үлкөн кызматтагылар «Сен мага тийбе, мен сага тийбейм» «принцибин» карманып келишти. Камчыбек Ташиев ошол «принципти» бузду. Ал соттордун паракорчулукту өздөрүнүн кадимки жумушуна айлантып алганын ачык көргөздү. Жогорку соттун судьялары тургай, жөнөкөй эле райондук соттун судьяларынын арасында да борбор шаарыбыздан бир нече батирлерди сатып алып туугандарына, кайын журтуна каттатып койгондор, кымбат баадагы жолтандабастар менен жүргөндөр, анан дагы «Менин үйүм жок» деген шылтоо менен мамлекеттен ай сайын батир акысына деп кошумча акча алып жүргөндөрү да бар экени белгилүү. Ошол судьянын бир эмес, бир нече батири бар экенин кесиптештери эң сонун билет. Бирок, баары «бир казандан аш жеп» жатышканы үчүн унчугушпайт.
Биз акыйкаттуу, адилетттүү жана мыйзам үстөмдүк кылган өлкөдө жашагыбыз келсе, анда биринчи кезекте ушул судьялардын ишин тартипке салуубуз зарыл. Анткени адилеттүүлүктү орното турган ошолор. Тилекке каршы, биздеги судьялар адилеттүүлүктү биринчи өздөрү бузуп келатканы жалганбы? Алардын паракорчулуктун арты менен тапкан ондогон батирлерин мамлекеттин эсебине кайтарып алып, кайра өмүр бою арзыбаган айлык акыга жан багып, үй-жайсыз жүргөн мугалимдерге, маданият, искусство кызматкерлерине, дарыгерлерге, милиция кызматкерлерине берсек соопчулук иш болот. Болбосо, соттор өздөрүнүн адилетсиз чечимдери менен эчендеген тагдырларды талкалоо менен бирге өздөрүнүн жеке үй-бүлөлүк жашоосун бай-манаптардын жашоосуна айлантып келишет.
Пикирлер (1)