Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 23:24
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

УКМК мурдагы элчи Бакыт Аманбаевдин ишинин чоо-жайын ачыктады

22.11.2024 17:30
25
УКМК мурдагы элчи Бакыт Аманбаевдин ишинин чоо-жайын ачыктады


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети АКШдагы мурдагы элчи Бакыт Аманбаевдин ишинин чоо-жайын ачыктады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2024-жылдын 20-ноябрында УКМКнын төрагасы Качыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, Б.А. аттуу жарандын арызы боюнча Кыргызстандын АКШ жана Канададагы мурдагы элчиси Б. Аманбаевге Б.А.нын мурда кармалган тууганына карата кылмыш ишин оң чечкендиги үчүн 250 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында текшерүү башталган.

Белгилүү болгондой, арыз ээсинин сөзү боюнча Б.Аманбаев кармалган тууганынын маселесин УКМКнын төрагасынын байланыштары аркылуу чечүүнү каалаганын билдирген.

Тергөөнүн жүрүшүндө Б.А.нын тууганы менен Б.Аманбаевдин ортосунда өз ара карыз милдеттенмелери болгонун, башкача айтканда Б.Аманбаев тарабынан опузалоо болбогондугу аныкталды.

Учурда аталган 250 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты арыз ээсине кайтарылды.

Буга байланыштуу Б.Аманбаевге карата арыздануучудан каршы билдирүү түшкөн. Тактап айтканда, Б.Аманбаевдин аракетинде эч кандай кылмыштын белгилери жок.

Учурда УКМК тарабынан арыз ээси Б.А.нын өзүнө карата кылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо фактысы боюнча материалдар бөлүнүп берилген. Бөлүнгөн материалдарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча арыз ээсинин аракеттерине юридикалык баа берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн