Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:56
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

УКМК өлкө аймагында "Нелегал-2024" операциясы жүрүп жатканын билдирди

05.06.2024 12:27
243
УКМК өлкө аймагында "Нелегал-2024" операциясы жүрүп жатканын билдирди


Кыргызстанда "Нелегал-2024" операциясы жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте 2024-жылдын 3-июнунан 9-июнуна чейин өлкөдөгү мыйзамсыз миграция каналын аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган "Нелегал-2024" республикалык масштабдагы ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүп жатат.

"Нелегал 2024" операциясы ЖККУга мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөнүн жарандарынын мыйзамсыз миграциясына каршы жамааттык системаны калыптандыруу боюнча иш-аракеттер планынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Аталган операциянын алкагында, үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда Бишкек шаарында УКМК тарабынан КР аймагында жүрүү мөөнөтү өтүп кеткен, ишкердиктин ар кандай чөйрөлөрүндө эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн 16 чет өлкөлүк жаран аныкталды.

Чет өлкөлүк тартип бузуучулар Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн, (анын ичинде аларды Кыргызстанга чакырган адамдар жана уюмдарга карата) өткөрүлүп берилди.

Ыйгарым укуктуу органдар мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн