Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

УКМК акыйкатчы институтун популисттик билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырды

11.08.2022 14:38
450
УКМК акыйкатчы институтун популисттик билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Акыйкатчы институтун популисттик пиардан алыс болууга жана жүргүзүлүп жаткан Бишкектеги №61 физика-математикалык мектеп-лицейинин директору Юрий Низовскийдин тергөө аракеттерине тоскоолдук кылбоого чакырды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Ага ылайык, айыпталуучу Низовскийге байланыштуу тергөө иш-чаралары адвокаттын катышуусунда жүргүзүлгөн.


Катышуучулар (тергөөчү, айыпкер, жактоочу, зарыл болгон учурда котормочу) Жазык-процесстик кодексинин ченемдери менен так аныкталган. Бирок ага карабастан Акыйкатчынын өкүлдөрү тергөөчүнүн кабинетине келип, Низовскийдин катышуусунда тергөө амалдары жүргүзүлгөн.


"Гумандуулуктун жана адамгерчиликтин принциптерин жетекчиликке алуу менен Ю.Низовскийдин жаш курагын жана ден соолугунун абалы эске алынып, баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү чечими кабыл алынган. Тергөөнүн объективдүүлүгүнө таасирин тийгизбөө үчүн Акыйкатчы институтун популисттик пиардан алыс болууга жана жүргүзүлүп жаткан тергөө аракеттерине тоскоолдук кылбоого чакырабыз. Ошону менен бирге мыйзам талаптарына ылайык, УКМК убактылуу кармоочу жайына жана тергөө камак жайына кармалгандарга, камакка алынгандарга Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү тоскоолсуз кирип чыгуусун камсыздап жатканын белгилеп кетебиз", - деп билдирди УКМК.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн