Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

УКМК "Баткен Пауэр" лотереясынын уюштуруучусунун үйүндө жана кеңсесинде тинтүү жүргүздү

29.08.2022 14:26
610
УКМК "Баткен Пауэр" лотереясынын уюштуруучусунун үйүндө жана кеңсесинде тинтүү жүргүздү

УКМК "Баткен Пауэр" лотереясынын уюштуруучусунун үйүндө жана кеңсесинде тинтүү жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.


 Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 24-25-августунда «Баткен Пауэр» лотереясын мыйзамсыз өткөрүү фактысы боюнча, 2022-жылдын 25-июлундагы козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 2-бөлүгүндө (Мыйзамсыз ишкердик кылуу) каралган кылмыштын негизинде,уюштуруучусу аталган КР жараны Х.у.Н. КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана Баткен облустук прокуратурасы менен биргеликте шектүү адамдардын иштеген жана жашаган жеринде тинтүү иштерин жүргүзүштү.


 Тинтүү иштеринин натыйжасында 800 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттары, банктык карталар, транспорт каражаттарын пайдаланууга ишеним каттар табылып алынды, ошондой эле байге катары ойнотулат делген 7 автоунаа унаа токтоочу жайга коюлду. 


 Белгилей кетсек, ар бир турда орточо байге фонду 5 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин болсо, ал эми ойнотулган билеттердин саны 2800 даананы түзгөн. Ошол эле учурда лотереянын уюштуруучулары алдамчылык ниетинен улам, автоунааларды жана башка байгелерди ойнотууда катышуучуларды алдашкан. Тактап айтканда, лотереянын жеңүүчүлөрү болгон фигураларды колдонуу фактылары аныкталган, бирок чындыгында байгелер уюштуруучулар тарабынан бөлүнгөндүгү такталган. 

 

Учурда башка мыйзамсыз лотерея уюштуруучуларына карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн