Битумду жогорулатылган баада сатып алуу фактысы боюнча "БАС" муниципалдык ишканасынын кызмат адамы жана жеткирүүчү фирманын директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМК Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады. Жогорудагы ишкананын кызматкерлери битум жеткирүүнү ишке ашырган чарба жүргүзүүчү субъект менен тил табышып, аталган материалды жогорулатылган баада сатып алышкан, анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке 12 млн.сомдон ашык зыян келтирилген.
Тактап айтканда, Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекасфальтсервис" МИнин кызмат адамдары 2024- жылдын июнь айында "П" ЖЧКсы менен келишим түзүшүп, бардык коммерциялык сунуштардын ичинен битумду жеткирүүгө эң жогорку бааны, тагыраагы 1 тоннага– 46 миң сом, ал эми 1 миң тоннага 46 млн сом деп жарыялашкан. Ал эми ушул сыяктуу үлгүдөгү битумдун орточо базар наркы 1 тоннасы, бажы алымы жок– 31 071,72 сомдун тегереги, ал эми бажы алымы менен 33 млн 138 миң сомду түзөт.
Белгилей кетсек, "П" ЖЧКсы ушул күнгө чейин "Бишкекасфальтсервис" МИге 1000,63 тоннадан ашык көлөмдө, 45 млн 928 миң 917 сом суммасында битум жеткирген.
Дайындалган соттук-бухгалтердик экспертизанын жыйынтыгында битумду жогорулатылган баада сатып алуудан келтирилген зыян 12 млн 769 миң сомду түздү.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын башкы инженери Ш.У.Т. жана "П" ЖЧКсынын директору А.А.А. кармалып, Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилди.
Белгилей кетсек, учурда жогоруда аталган кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын жолдорун жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктү капиталдык оңдоп-түзөө иштерин сапатсыз жана өз убагында жүргүзбөгөн подрядчиктерге карата тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн