Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

УКМК: "Бишкек" ЭЭАнын директору Ирсалиев Дүйшөн кармалды

УКМК: "Бишкек" ЭЭАнын директору Ирсалиев Дүйшөн кармалды


УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясы мамлекеттик мекемесинен  акча каражаттарын алуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Мекемеден билдиргендей, мамлекеттик мекеменин жооптуу адамдары товарларды жана кызматтарды мамлекеттик жана башка сатып алууларды уюштурууда көмүскө кирешелерди алуу боюнча туруктуу схеманы түзүшкөн. Мындан тиешелүү адамдар өз үлүштөрүн алып турган.


 Ошондой эле, "Бишкек" ЭЭАнын Башкы дирекциясынын каржылык ресурстарын негизсиз сатып алуулар жана чыгымдар түрүндө сарамжалсыз пайдалануу фактылары аныкталды.Мындан тышкары, материалдык баалуулуктарды сатып алуу үчүн каралган Башкы дирекциянын жылдык бюджети мамлекеттик бюджетке  негизсиз жогорулатылган. Башкы дирекци 2016-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде 2% дан 0,02% гана үлүш кошкон.


Чогултулган материалдардын негизинде бирдиктүү реестрге катталган.


2021-жылдын 6-январында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, "Бишкек" ЭЭА Башкы дирекциясынын мурдагы башкы директору И.Д.И. [Ирсалиев Дүйшөн Исмаилович] жана аткаруучу директор Б.М.А. [Бакашов Мирадил Амангелдиевич] кармалды.


Кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн