Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

УКМК "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын Лейлек районундагы иш сапарындагы окуя боюнча түшүндүрмө берди

12.05.2022 10:22
612
УКМК "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын Лейлек районундагы иш сапарындагы окуя боюнча түшүндүрмө берди

УКМК Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Сүлүктү шаарындагы «Кольцо» транспорттук көзөмөл постуна барганы тууралуу социалдык тармактарга жарыяланган видеого байланыштуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Аткезчиликке жана товарларды мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүүнүн алкагында айтылган постто компетенттүү органдардын өкүлдөрү - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери кызмат өтөйт. 


Бул постко барганда айдоочулардан бул пост аркылуу өткөнү үчүн акча талап кылынат деген арыздар түшкөн. Ошондой эле айдочулар тарабынан бул пост мыйзамсыз иштеп жатат деген арыздар да түшкөн.

КР УКМК бул жай КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн токтомуна ылайык коюлганын билдирет. Мындай посттор Баткен районунун башка жолдорунда да бар.

Эгерде посттун кызматкерлери жеке пайда көрүү максатында акча талап кылса, анда жарандар КР УКМКнын Лейлек райондук бөлүмүнө же Баткен облустук башкармалыгына, андан тышкары прокуратура органдарына арыз менен кайрылса болот болчу, бирок андай арыз кайрылуулар түшкөн эмес.

Посттун кызматкерлери кызматтык күбөлүгү жок иштегени да далилденген эмес.


Андан соң Лейлек районунун ылдыйкы зонасында, Кулунду айылынын маданият үйүндө Баткен облусунун башчысы, Баткен облусунун күч блогунун жетекчилиги жана Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттарынын 250дөн ашык эл катышкан жолугушуусу болуп, бул маселе кайрадан каралып чыкты.

Бирок бул жыйында да Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары жана айрым жергиликтүү тургундар эч кандай далилдүү фактыларды келтире алышкан жок.


Ведомство аталган посттун кызматкерлерине нааразычылыгын билдирген видеодогу жарандардын бири - бул Кыргыз Республикасынын жараны, КР мыйзамын одоно бузгандардын бири, 1982-жылы туулган Т.А. Башкармалыкта бул жаран Тажикстанга биздин продукцияларды активдүү сатып жаткандыгы, анын натыйжасында ушундай адамдардын айынан ички рынокто азык-түлүктүн баасынын жогорулашы байкалганы тууралуу маалымат бар.


Ал эми КР УКМК кызматкери КР Жогорку Кеңешинин депутаты А.Мадумаровго өзүн тааныштырбаганын - бул кызматкер оперативдүү деңгээлдеги кызматкер экендигин түшүндүрөбүз, а А.Мадумаров анын түздөн-түз башычысы эмес.

Атайын кызмат КР УКМКнын кызматкерлери нөөмөттө тургандыктан, эч жакка качпай, жөн гана физикалык маалыматтарын ачыкка чыгарбоо үчүн четтеп кетишкенин баса белгилейт.


КР УКМК Кыргызстандын жарандарын бул жогору айтылгандай билдирүүлөр менен коомчулукту дүрбөлөңгө салбоого чакырат. 

Мындай кайрылуулар жана арыздар үчүн колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн