Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:55
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

УКМК "Бүтүн Кыргызстан" партиясын чагымчыл билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырды

17.06.2022 17:48
551
УКМК "Бүтүн Кыргызстан" партиясын чагымчыл билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Бүтүн Кыргызстан"  партиясын элдин атынан сүйлөөдө этият болууга чакырды.. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады



Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 25-майында “russkie.org” сайтында “Донбасска гуманитардык жардам ар түрдүү улуттарды бириктирди” деген макала жарыяланып, анда “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Донбасстын жашоочуларына гуманитардык жардам көрсөткөнү жазылган. Ошол эле учурда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын активдүү мүчөсү Динара Чолпонова: Карапайым эл: Путин бизди – Кыргызстанды өзүнө, Орусияга алып кетсин. Анткени орус президенти өз элине кам көрөт. Анан калса Россияда орустар гана эмес, ошол эле сибирдик кыргыздар, якуттар, буряттар жана башка көптөгөн улуттар – баары тынч жашайт, анткени бул алардын үйү деген билдирүү айткан.


Буга байланыштуу КР УКМК “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын айрым мүчөлөрүнүн мындай билдирүүлөрү Кыргызстандын бийлигинин расмий позициясына жана ага ылайык бүтүндөй Кыргызстандын элинин пикирине толугу менен каршы келээрин билдирет.


Эгемендүүлүк бир партиянын менчиги эмес, бүтүндөй Кыргызстан элинин эгемендиги!


Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети саясий партиялардын жана уюмдардын айрым мүчөлөрүн мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө доо кетирүүчү чагымчыл билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн