Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:08
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсүн Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кармап кетти

17.03.2021 10:22
736
УКМК "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсүн Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кармап кетти

Кечээ, 16-мартта "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын активдүү мүчөсү Ооган уулу Бекмуратты Фейсбук социалдык тармагында  жазган пикири үчүн УКМК кызматкерлери кармап кетти. Бул тууралуу  аталган партия билдирди.


Буга байланыштуу "Бүтүн Кыргызстан" партиясы төмөнкүдөй билдирүү таратты.


Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы бийликке сын айткан активистердин кармалышы боюнча тынчсыздануусун билдирет.

Бүгүн 16-мартта УКМК "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Ооган уулу Бекмуратты ИИМдин кызматкерлери келип кармап кетишти. Бекмурат учурда УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Биздин партияда он жылдан ашуун активдүү мүчө болуп келе жаткан Бекмурат Ооган уулу фейсбуктагы жазган посту үчүн кармалды. Буга байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы бийликти сындаган активисттердин кармалып жатышы боюнча терең тынчсыздануусун билдирет. Аны менен катар бийликтен саясий мотив менен куугунтук жасоону токтотууну талап кылат. Социалдык тармактагы пост үчүн укук коргоо органдары мындай катаал чара колдонуп,  басмырлоосун биз сөз эркиндигине болгон кысым деп түшүнөбүз. Шайлоо алдында активдүү жаштардын бирин коркутуп үркүтүп жаткан азыркы бийликтин мындай аракеттери өздөрүнө аброй алып келбейт. Тескерисинче демократиялык баалуулуктарга сокку урат. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы социалдык тармактардагы посту үчүн кармалып жаткан активисттерди тез аранын ичинде бошотууну талап кылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн