Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 04:25
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

УКМК: "Дастан" ААКсынын туунду ишканасынын жетекчилиги бюджеттик каражаттарга ээлик кылуу фактысы менен кармалды

06.11.2020 12:28
999
УКМК: "Дастан" ААКсынын туунду ишканасынын жетекчилиги бюджеттик каражаттарга ээлик кылуу фактысы менен кармалды

"Дастан" УАК ААКсынын жана анын "Улан" ААКсы туунду ишканасынын кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды ээлик кылып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, "Дастан" ишканасынын туунду ишканасы болгон "Улан" ачык акционердик коомунун жетекчилиги тарабынан чет өлкөнүн буйрутмасы менен атайын жабдыкты сатып алуу боюнча жасалма келишимин түзгөнү маалымдалат.

"2020-жылдын май айында "Дастан" УАК ААКсы бир чет мамлекет менен 3 миллион долларга келишим түзүп, аталган корпорациянын жетекчилиги "Улан" ААК туунду ишканасы менен кызмат көрсөтүү тууралуу келишим түзүү жолу менен ал акчанын 695 миң долларына ээлик кылган.

Аталган акча каражаттарына ээлик кылуу максатында "Улан" ААКсынын жетекчилиги ЖЧКлардын бири менен 54 миллион сомго атайын жабдык алуу боюнча жалган келишим түзүп, кийин ал каражатка "Улан" ААКсынын жетекчиси Ж.Р. ээлик кылган", - деп жазылган маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин материалдары кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Ишенип берилген мүлккө ээлик кылуу же коротуу" беренеси менен каттоого алынганы жана тергөө иштеринин жыйынтыгында "Улан" ААКсынын жетекчиси Ж.Р. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени белгилүү болду.
https://www.super.kg/kabar/news/331813/

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн