Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 15:22
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

УКМК: "Дженгонун" жакын адамы кармалды

УКМК: "Дженгонун" жакын адамы кармалды
УКМК кызматкерлери КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси боюнча бирдиктүү реестрге катталган сотко чейинки процесстин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүн кармашты.
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

Кармалган "С.Б" Дженго лакап аты менен таанымал Кадырбек Досоновдун жакын адамдарынын бири экендиги аныкталды.

""С.Бнын" жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүүнүн жүрүшүндө баңги заттын өзгөчө жыты бар желим баштык табылып, алынган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, алынган заттар героин экендиги аныкталган", - деп билдирди УКМК.

Кармалган адам УКМКнын абагына киргизилген.

УКМК кошумчалагандай, уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн нейтралдаштыруу боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн