"Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрү кармалды.
Атайын кызматтан билдиришкендей, УКМК тарабынан диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Ж.Р.К., Ж.К.Ж, Ч.Н.О. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле К.у.А. жана Т.А.Ч. аттуу жарандар аталган уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартуу ниетин билдирген.
Белгиленгендей, жүргүзүлгөн кылмыш ишинин натыйжасында аталган адамдар тарабынан "телеграмм" мессенджеринде экстремисттик идеяларды жана материалдарды таратуу фактысы аныкталган.
Ошол эле учурда тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында "Хизб ут-Тахрир" уюмунун аталган мүчөлөрүнүн жашаган жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 1 ноутбук жана диний адабияттар алынды.
Учурда уюмдун башка мүчөлөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн