Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:46
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК "Кыргызтелекомдун" ишине кысым көрсөтүп жатабы?

09.07.2021 15:10
901
УКМК "Кыргызтелекомдун" ишине кысым көрсөтүп жатабы?

КР УКМК "Кыргызтелеком" ААКтын директорлор кеңешинин ишине коркутуу жолу менен кысым көрсөтүү менен кийлигишип жатат делген ЖМКларда жайылтылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, улуттук коопсуздук органдары "Кыргызтелеком" ААКтын ишине жана кадрдык дайындоолоруна кийлигишүүгө укугу жок.

"УКМК ведомствонун төрагасы Камчыбек Ташивдин ысымын жана кадыр-баркын пайдаланып, адамдарды өз кызыкчылыгы үчүн колдонгондорго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тийиштүү чаралар караларын эскертип кетет", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын УКМКнын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттер жана фактылар болсо, Кыргыз Республикасынын УКМК нөөмөт бөлүмүнүн 0312-62-05-85, 0312-66-04-75 телефондоруна кайрылуунуздар болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн