Кулжа 29, 2024
Убакыт: 01:43
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

УКМК "Кумтөрдүн" жетекчилерине карата кылмыш ишин козгоду

17.05.2021 13:23
1690
УКМК "Кумтөрдүн" жетекчилерине карата кылмыш ишин козгоду

"Кумтөрдүн" жетекчилерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди. 


Ал белгилегендей, Кумтөр кенине байланыштуу төрт кылмыш иши козголгон.

«Алардын бири мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн компанияга кошумча жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө. Салыктык чегерүүлөрдү эсептөө жана зыяндуу заттардын жүгүртүлүшү жана абанын булганышынын эрежелерин бузуу жөнүндө иш бар», - деди Камчыбек Ташиев.


Анын айтымында, компаниянын жетекчилигине бир кылмыш иши козголгон.


«Келишимге кол койгон бардык чиновниктердин жоопкерчилигин карайбыз. Биздин Кумтөрдөн колдоо алган депутаттарга дагы тиешебиз бар. Бул негизсиз айыптоолор эмес, бул конкреттүү айыптар коюлган конкреттүү кылмыш иштер», - деди Камчыбек Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн