Теке 08, 2024
Убакыт: 07:00
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

УКМК: "Ош электр тармактар ишканасынын" жооптуу кызматкери кармалды

05.07.2024 10:07
124
УКМК: "Ош электр тармактар ишканасынын" жооптуу кызматкери кармалды


Товардык-материалдык баалуулуктарды уурдоо фактысы боюнча "Ош электр тармактар ишканасы" ААКтын жооптуу кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Ош электр тармактар ишканасы" ААКтын жооптуу кызматкери А.С.М. кармалды.

2019-жылдан 2022-жылга чейин "Ош электр тармактар ишканасы" ААК өз муктаждыктары үчүн пайдаланылуучу ар кандай товардык-материалдык баалуулуктарды, анын ичинде "СВ 110-3, 5" жана "СВ 95-2" үлгүсүндөгү темир-бетон таянычтарын, "Д16" арматураларын, "ИПТВ-10" изоляторлорун, кычкылтек баллондорун, "А" ширетмесин, "А-35", "А-50", "А-70" зымдарын жана башкаларды сатып алган.

Деген менен, инвентаризацияга жүргүзүлгөн комиссиялык текшерүүнүн алкагында жалпы суммасы 13 млн 213 миң 960 сомду түзгөн жогоруда аталган товардык-материалдык баалуулуктардын 49 позициясы боюнча жетишсиздиктер (недостачи) такталган.

Мындан улам, комиссиянын корутундусунун негизинде товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу") каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө "Ош электр тармактар ишканасы" ААКнын борбордук кампасынын жетекчиси – А.С.М. ошол убактагы товардык-материалдык баалуулуктардын сакталышы үчүн жооптуу экендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында, аталган А.С.М. аттуу жаран КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине жана 97-беренесине ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмышка шектүү катары кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн