Теке 27, 2024
Убакыт: 06:52
USD
EUR
RUB

УКМК "Россия" бизнес борборунан жашыруун алмашуу бюросун аныктады

11.09.2023 15:07
294
УКМК "Россия" бизнес борборунан жашыруун алмашуу бюросун аныктады


Бишкектеги "Россия" бизнес борборунан жашыруун алмашуу бюросу аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан трансулуттук кылмыштуу топторду аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө акча каражаттарын системалуу түрдө криптовалюталар аркылуу адалдоо боюнча маалыматтар келип түшкөн.

Тактап айтканда, "Россия" бизнес борборунда жашыруун алмашуу бюросун, акча алмаштырууну/жөнөтүүнү (криптовалюта сатып алуу) уюштуруп жүргөн Кыргызстан менен Россиянын жарандары аныкталды.

Жогорудагы фактылар боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)") негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин материалдарынын алкагында айрым жарандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тиешелүү кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн