Бугу 04, 2024
Убакыт: 07:00
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

УКМК саясатчылардын социалдык тармактардагы аудиожазуусу боюнча ишти иликтейт

08.01.2021 17:07
509
УКМК саясатчылардын социалдык тармактардагы аудиожазуусу боюнча ишти иликтейт

Социалдык тармактарда таратылган аудио жазууларды боюнча ишти текшерет. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, КРнын УКМК социалдык тармактарда айрым саясатчылардын президенттикке талапкерлердин жана алардын жактоочуларынын 2021-жылдагы революцияны уюштуруу боюнча жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында президенттик шайлоо менен референдумдан кийин массалык нааразычылык акцияларын өткөрүү жөнүндө диалогдорунун аудио жазууларын жайылтуу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.


Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдар соттук-фоноскопиялык жана филологиялык экспертизага жөнөтүлөт.


Жогоруда айтылган экспертизалардын жыйынтыгында бийликти күч менен басып алууга үндөгөн тараптардын аракеттерине юридикалык баа берилет.


Белгилей кетсек, КР кылмыш-жаза кодексинин негизинде бийликти күч менен басыпп алууга багытталган аракеттер кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет.


Буга байланыштуу УКМК жарандарды социалдык тармактарда жана Интернетте чагымчыл билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга жана мүмкүн болгон фактыларды укук коргоо органдарына кабарлоого чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн