Бугу 17, 2024
Убакыт: 03:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

УКМК согуш ардагери Василий Кавешниковду куттуктады

08.05.2020 17:00
1076
УКМК согуш ардагери Василий Кавешниковду куттуктады


Бүгүн, 8-майда УКМК жетекчилиги жана өздүк курамы Улуу Ата Мекен согуштун жана улуттук коопсуздук органдарынын ардагери Василий Тихонович Кавешниковду Жеңиш күнүнүн 75 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Воронеж областынын тургуну Василий Кавешников 1925-жылы Козлов районунун Костино-Отделец айылында туулган.


Ал өзүнүн эмгек жолун Ош областынын Сүлүктү шаарындагы “Сүлүктү” кен башкармалыгынын статистиги катары баштаган. Мамлекеттик коопсуздук органдарында 1944-жылдан 1985-жылга чейин иштеген. СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку мектебин аяктаган. ИИМ райондук бөлүмүнүн атайын комендатурасынын коменданты катары иштеп баштап Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук органдарынын бөлүм башчысы болгуча бардык кызмат тепкичтерин басып өткөн.


Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууда Василий Кавешников көптөгөн мекемелик жана мааракелик медалдар менен сыйланган.


В.Кавешников менен жолугушууда, КР УКМК өкүлдөрү келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктап, улуттук коопсуздук органдарынын атынан терең ыраазычылык билдирди.


“Сиздер жасаган эрдик эч качан өчпөйт. Элдин эсинде кылымдар бою сакталат. Эр-жүрөк, кайратынарды ардактап, бир доордун баатырлары болгон, Улуу Ата Мекен согушунун ардагерлерине ар тараптуу колдоо көрсөтүү – биздин ыйык милдет”, - деп белгиледи Улуттук коопсуздук органдарынын жетекчилиги.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн