Кара-Көл шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Аркыт Нусубалиев бүгүн жумушка чыкты. Бул тууралуу "Кактус.медиа" билдирди.
Эске салсак, Аркыт Нусубалиев 5-мартта кызмат абалынан пайдаланды деген шек менен УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал ошол күнү эле убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Нусубалиевдин баш коргоо чарасын Жалал-Абад облустук соту карап, аны үй камагына чыгарган.
Ал бүгүн, 9-мартта кызматына кайтып келип, иштеп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн