Бугу 14, 2024
Убакыт: 09:59
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

УКМК тарабынан Таласта тигүү фабрикасын курууда мыйзам бузуулар аныкталды

11.05.2023 16:30
550
УКМК тарабынан Таласта тигүү фабрикасын курууда мыйзам бузуулар аныкталды


Талас шаарынын мэриясынын жана облустук өнүктүрүү фондунун жооптуу кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызмат адамдар тарабынан тигүү фабрикасын куруу үчүн атайылап пайдасыз келишим түзүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы Байкоочу кеңеш шаарда тигүү фабрикасын куруунун долбоордук-сметалык документтери жана максатка ылайыктуулугу боюнча корутундулары жок, жалпы суммасы 82 млн сомдук долбоорду мыйзамсыз жактырып, долбоордун иш жүзүндөгү наркын жасалма түрдө жогорулатып бекитип бергендиги аныкталган.

Анын бир бөлүгү 25 млн сом “Ника KG” ЖЧК курулуш уюмунун эсебине мөөнөтүнөн мурда которулуп берилгени аныкталды. Тигүү фабрикасын куруунун алгачкы этабында эле мамлекетке 7 млн сомдук зыян келтирилген.

Учурда кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн