УКМК тарабынан мыыйзамсыз баюуга шектелип кармалган Түштүк-батыш бажысынын башчысынын байлыктары жарыяланды.
Үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда Түштүк-батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов кармалган.
"Н.Айтмаматов өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, Түштүк-Батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялоо, товарларды "жалган транзиттөө" үчүн коррупциялык схемаларды уюштурган. Натыйжада, алар олуттуу көмүскө киреше алышкан", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.
УКМК тарабынан Н.Айтмаматовго таандык 4,5 млн АКШ долларлык 30 кымбат баалуу батир, 1 млн АКШ долларга бааланган 10 даана автоунаа табылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн