11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынына депутат Дүйшөн Төрөкулов келди.
Төрөкулов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан 15-январда кармалган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, ал Оштогу тери иштетүүчү фабриканы коррупция жана рейдерлик жол менен тартып алган деп шектелүүдө.
Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында ал УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Депутатты кечээ Биринчи Май райондук соту үй камагына чыгарган.
Пикирлер (1)