Бугу 10, 2024
Убакыт: 16:09
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

УКМК тарабынан кармалган салык органынын башкы инспектору кызматынан четтетилди

17.08.2020 17:48
980
УКМК тарабынан кармалган салык органынын башкы инспектору кызматынан четтетилди

 

Аймактык салык органынын башкы инспектору ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматтан бошотулду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгынын башкы инспектору А.М. ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койгон.


Аны кызматтан бошотууга "Кыргыз Темир жолу" мамлекеттик ишканасы менен байланышкан бир катар кылмыш иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан териштирүүлөрдүн алкагында УКМК тарабынан кармалышы негиз болгон.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн