Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:05
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК тарабынан милициянын майору кармалды

06.07.2023 12:16
343
УКМК тарабынан милициянын майору кармалды


Кечээ, 5-июлда УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатууга аракет кылып жаткан жеринен милициянын майору М.Р.Н. кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 267-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (“Куралды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда., кармалган кызматкер Ички иштер органында иштеген жылдардан баштап алынган тапанчаларды, мылтыктарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатуу менен системалуу түрдө алектенгени аныкталган.


Милициянын майорунун жашаган жеринен издөө иш-чараларынын жүрүшүндө курал-жарак жана ок-дарылар табылган. Тактап айтканда, ар кандай калибрдеги 4 мылтык, 9 даана граната; 200 даана 9мм калибрлүү ПМ патрону; 97 даана 5,45 калибрлүү АК-74 патрону; 141 даана 7,62 снайпердик мылтыктын патрондору жана 72 даана помпонун патрондору.


Кармалган кызматкер КР УКМКнын тергөө абагына киргизилип, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ичинен курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн