Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга учуп кетти

01.12.2023 13:35
361
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга учуп кетти


КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга жумушчу сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу "Регион" телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов билдирди.

"Күн мурун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында кайрадан аткезчилик көбөйүп жатканын белгилеп, бул мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүүнү күчөтүүнү талап кылган.

Чек ара маселеси чечилмейинче эч кандай чек ара тилкеси ачылбай турганын жана контрабандага жол берилбестигин эскерткен. Камчыбек Ташиевдин Тажикстанга жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча жолугушуулар өткөрүлөт", - деп жазды Рахманов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн