Бештин айы 10, 2024
Убакыт: 12:02
USD
86.65
87.15
EUR
91.10
92.10
RUB
0.855
0.900

УКМК төрагасынын туугандарынын атын жамынып, $240 миң алган жаран кармалды

26.11.2024 12:46
217
УКМК төрагасынын туугандарынын атын жамынып, $240 миң алган жаран кармалды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын жакын туугандарынын атын жамынып жүргөн дагы бир алдамчы кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, Ж.И.Р. аттуу жаран маселелериңерди чечип берем деп алдап, жарандардан ири өлчөмдөгү акча каражатын алып, кийинчерээк жогорку кызматтагы адамдардын жакын туугандары менен жеке тааныштыгын айтып, өз милдеттерин аткаруудан баш тарткандыгы аныкталган.

Белгиленгендей, УКМКга Т.Т.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, аталган Ж.И.Р. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулунун атын жамынып, 240 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алгандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгында Ж.И.Р. аттуу жарандын УКМК төрагасынын жакын туугандары менен эч кандай мамилеси болбогону аныкталды.

Чогултулган материалдардын негизинде шектүү №1 тергөө абагына камакка алынды. Азыркы учурда мыйзамсыз ишмердүүлүктүн бардык катышуучуларын жана келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тергөө иштери улантылууда.

УКМК мыйзамдарды бузууга жол берилбестигин, мыйзам бузуу аныкталган учурда кылмыш-укуктук мүнөздөгү кылмыш-жаза чаралары көрүлөрүн эскертет. 

Ал эми, мындай фактылардан жабыркаган жарандарды 0-312-62-05-85 номерине кайрылууга чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн