Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

УКМК: Туруктуу коррупциялык схема түзүп, мамлекеттен мыйзамсыз 60 млрд сом чыгарууга шектелип Финполдун кызматкерин кармалды

УКМК: Туруктуу коррупциялык схема түзүп, мамлекеттен мыйзамсыз  60 млрд сом чыгарууга шектелип Финполдун кызматкерин кармалды

УКМК Бишкек Экономикалык кылмыштуулукка карыш күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери К.Н.ны кармады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз борбору билдирди.


Белгилүү болгондой, ага карата коррупция беренеси боюнча кылмыш ачылган.

«Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери, кызматтык абалынан пайдаланып, жарандар менен тил табышып, ири суммадагы акчаны адалдоо жана өлкөдөн чыгарып кетүү үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан. Мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында 2020-жылдын март айынан октябрь айына чейин 59,5 миллиард сом Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары алынган, ал эми салык төлөөдөн качуу түрүндөгү алдын-ала зыян 500 миллион сомдон ашышы мүмкүн. Алынган маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери аталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн каналдын уюштуруучуларынан 180 миллион сом өлчөмүндө пара алышкан», - деп билдирди УКМК.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Аэлита Аманкулова
Буларды аёсуз жазала анар жакшы болот эле.Мекенибиздин айласын таппай жатканда .Акчасын алып бюджетке которуп жибергиле.Мыйзамдаштырып .Коррупционерлер эч качан окмотьук кызматтарда иштебесин.Элдей болуп кетмен чаап... иштесин.Акчасы жок карапайым элдей болуп жашашсын.Уялса Мигрант болуп кетсин Коорупцияга аёосуз курошпосонор Сазга батып эле баратабыз