Аяк оона 14, 2024
Убакыт: 11:42
USD
84.40
84.90
EUR
93.00
94.00
RUB
0.920
0.955

УКМК уулуу заттарды сатууга аракет кылган жаранды кармады

23.08.2024 10:58
465
УКМК уулуу заттарды сатууга аракет кылган жаранды кармады


Уулуу заттарды сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 1967-жылы туулган Г.Ж.А. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жеке адамдар сымаптын ири партиясын Баткен облусунан Бишкек шаарына сатуу максатында ташып келүүнү пландап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облусунун Жайыл районундагы Төө-Ашуу ашуусунда Г.Ж.А. аттуу жарандын унаасын тинтүү учурунда 40 кг сымап табылып, кармалган, ал аны Бишкек шаарына 8 миң АКШ долларына сатууну пландаган.

Учурда аталган факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары, анын ичинде уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн