Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

УКМК: Өзгөн райондук сотунун кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалды

29.04.2024 16:31
129
УКМК: Өзгөн райондук сотунун кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалды


Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун административдик-чарба бөлүмүнүн кызматкери И.Т.З. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал тарабынан жарандык иш боюнча мүлктүк талашты оң жагына чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 2 миң АКШ долларын талап кылган алдамчылык фактысы аныкталды.

Опузалап талап кылуу фактысы боюнча келип түшкөн арызды кароонун алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 24-апрелде И.Т.З. кармалып, анын унаасын жана үйүн тинтүү учурунда арыз ээси тарабынан мурда берилген 150 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылды.

Тергөө-оперативдүү иш-аракеттеринин алкагында И.Т.З. Өзгөн райондук сотунун кызматкери катары, сотто каралып жаткан жарандык/кылмыш иштерине тиешелүү айрым маселелерди чечүү боюнча "ортомчулук" кызматты көрсөткөнү такталды.

Келип түшкөн маалыматтар сот адилеттигине жатпаган чечимдерди чыгарууга жол бербөө үчүн акыйкаттыкты издөөдө жарандар өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын коргоо үчүн ар кандай ыкмаларды издөөгө аргасыз болгондугун айгинелейт. Мындай учурларда соттордун иштеп жаткан кызматкерлеринин, адвокаттардын, ошондой эле ар кандай шектүү адамдардын арасынан ортомчулар пайдаланып, жарандардын көйгөйлөрүнөн алдамчылык жол менен акча табышат.

Буга байланыштуу УКМК соттук чечимдердин жыйынтыгына таасир этүүгө убада берген ар кандай адамдарга байланышпастан, компетенттүү органдарга арыз менен кайрылууну өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн