Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 23:14
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

УКМК жасалма доллар сатууга аракет кылган Көлбаевдин УКТ мүчөсүн кармады

11.04.2024 17:59
183
УКМК жасалма доллар сатууга аракет кылган Көлбаевдин УКТ мүчөсүн кармады


Жасалма акча каражаттарын сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК терроризмди жана диний экстремизмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө (жоюлган К.Асанбектин) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 1975-жылы туулган тургуну Т.М. тарабынан (У.М.П.) ири өлчөмдө, тагыраагы 100 АКШ доллары номиналындагы жасалма акча каражаттарын мыйзамсыз адалдоо иш-аракеттери аныкталды.

Буга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “А” атайын кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Т.М. жасалма банкнотторду сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды.

Жеке тинтүү учурунда анын жанынан 19 миң 800 АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма акча табылган. Учурда кармалган жаран 1 айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Анын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн