Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:25
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК:«Кыргызжылуулукэнерго» ишканасынын бюджеттик каражаттарды чыгаруу иштерине бөгөт коюлду

02.02.2021 09:17
580
УКМК:«Кыргызжылуулукэнерго» ишканасынын бюджеттик каражаттарды чыгаруу иштерине бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын УКМК коррупцияга каршы кызматы отун-энергетикалык комплексиндеги коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, жылытуу мезгилинде «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын филиалдарынын муктаждыктары үчүн жасалма күйүүчү май менен камсыздоо үчүн коррупциялык схема түзүлгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


«Кыргызжылуулукэнерго» ишканасынын жооптуу кызматкерлери жана анын филиалдары ишкердик ишинин айрым субъекттери менен алдын ала макулдашып алышып, аталган ишкананын жылуулук менен камсыздоочу ишканаларына жеткирилген мазуттун ири көлөмүн жасалма жол менен мазутту сатуу боюнча финансылык документтер түзүлгөнү аныкталды. Бул коррупциялык көрүнүш бүткүл республиканын калкын жылуулук менен камсыз кылууга терс таасирин тийгизет. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталып, ал тиешелүү тартипте мамлекетке өндүрүлүп берилди.


Мындан тышкары, «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын «Кант жылуулук менен камсыздоо ишканасы» филиалында, 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилдеринде мазут жеткирүү үчүн документтерди жасалма жол менен каттагандыгы үчүн коррупциялык схемасыны бөгөт коюлду. Аталган ишкананын жетекчилиги ЖЧК биринин өкүлү менен келишим түзүп, жасалма жол менен ири көлөмдө мазут каттаган.


Көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, учурда УКМК тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, мамлекетке келтирилген зыян аныкталды. Мыйзамсыз иштерге катышкан бардык адамдар жоопко тартылмакчы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн