Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:15
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМКнын "Дженгону" кармоо операциясында буюмдары табылды, өзү жок

10.02.2021 16:52
1018
УКМКнын  "Дженгону" кармоо операциясында буюмдары табылды, өзү жок


2021-жылдын 10-февралында КР УКМК тарабынан кылмыштуу топторго уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн алкагында кылмыш иши боюнча Ош областында жана Ош шаарында издөөдө жүргөн кримтөбөл "Дженго" кайманаты бар К.Досоновду колго түшүрүү боюнча атайын издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Бир катар даректердеги тинтүүлөрдүн натыйжалары боюнча, тергөө органдарынан жашынып жүргөн К.Досонов, Ош шаарынын аймагындагы үйлөрдүн биринен жеке үй буюмдары жана жеке гигиена каражаттары, ошондой эле уюлдук телефондор табылып алынды. Ошондой эле, тыюу салынган буюмдар, анын ичинде баңгизат дагы табылган.


Учурда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин органдары менен биргеликте К.Досоновдун турган жерин жана камакка алынгандыгын аныктоо боюнча “Перехват” планы жарыяланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн