УКМКнын 9-кызматынын мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеев үй камагына чыкты. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
Маалыматты СДПК партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева тастыктаган. Анын айтымында, мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алган.
Дамир Мусакеев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен 5 жылга эркинен ажыратылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн