Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Академиясы 2025-2026 окуу жылына курсанттарды кабыл алууну жарыялайт.
Талапкерлерге коюлуучу милдеттүү талаптар:
- жашы 17-21 жашка чейин;
- бою 170 см жогору;
- салмагы кеминде 60 кг;
- билими, орточо баллы 4,0 төмөн эмес (окуудагы жетишкендиги жөнүндө табель) толук орто билими жөнүндө аттестат же кесиптик орто билими жөнүндө диплому;
- өзү, анын ичинде жакын туугандары сот жообуна тартылбаган;
- өзүнүн, анын ичинде жакын туугандарынын чет мамлекеттин жарандыгынын жоктугу.
Аңгемелешүүдөн өткөн талапкерлер, тандоо сынактарынын төмөнкү этаптарына киргизилет:
- дарыгерлердин күбөлөндүрүүсүнөн өтүү;
- дене-тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу;
- психофизиологиялык күбөлөндүрүүдөн өтүү (IQ-тести);
- полиграфты колдонуу менен атайын психофизиологиялык изилдөө жүргүзүү;
- кирүү экзамендерин тапшыруу.
Аймактарда жашаган талапкерлер төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:
- Бишкек шаарынан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Жибек-Жолу көч., 322-үй, тел.:
0 (312) 66-04-75 ; - Чүй облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Кийизбаев көч., 206-үй, тел.:
0 (312) 54-07-19 ; - Ош шаары жана Ош облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Ош ш., Баялинов көч., 5-үй, тел.:
0 (3222) 7-32-32 ; - Жалал-Абад облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Жалал-Абад шаары, Байзаков көчөсү, 53-үй, тел:
0 (3722) 5-60-49 ; - Баткен облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Баткен ш., Курманжан Датка көч., 15/2-үй, тел.:
0 (3622) 5-00-33 ; - Талас облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Талас шаары, Карл-Маркс көчөсү, 27-үй, тел.:
0 (3422) 5-20-43 ; - Нарын облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Нарын шаары, Ленин көчөсү, 86-үй, тел.:
0 (3522) 5-04-19 ; - Ысык-Көл облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча маектешүү жүргүзүлөт: Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148-үй, тел.:
0(3922) 5-11-80 .
Атайын кызмат окууга документтерди кабыл алуу күнү жөнүндө кошумча маалымдай турганын белгилейт.
Кененирээк маалыматты www.gknb.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн