Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

УКМК Марат Казакпаевдин өлүмүнүн себептери жөнүндө билдирүү жасады

10.06.2022 19:26
802
УКМК Марат Казакпаевдин өлүмүнүн себептери жөнүндө билдирүү жасады

Мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган саясий талдоочу Марат Казакпаев бүгүн, 10-июнда ооруканада өзүнө келбей каза болду.


КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүнкү күнгө чейин Казакпаев дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди алып, ден соолугунун абалы канааттандырарлык болгон.


"2022-жылдын 9-мартынан бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Марат Казакпаев анын ден соолугуна байланыштуу жубайынын кайрылуусунун негизинде 2022-жылдын 27-апрелинен 19-майына чейин КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын №1 көз микрохирургиясына “жаңы толук гемофтальм, жогорку миопия, хориоретиналдык дистрофия” диагнозу менен жаткырылган", - деп билдиришти УКМКдан.


Ошондой эле, Казакпаев 2022-жылдын 25-майында М.Миррахимов атындагы кардиологиялык борбордун шартында комплекстүү текшерүүдөн, врачтардын кеңешинен өтүп, андан кийин дары-дармектер белгиленген.


"19-майдан 9-июнга чейин анын жактоочулары медициналык мекемелерге жаткыруу жөнүндө арыз менен кайрылган эмес. Мындан тышкары, Казакпаев сот процесстерине өзү катышып жүргөн. Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда эртең менен ден соолугунун абалы кескин начарлап кеткендигине байланыштуу КР УКМК демилгеси менен ал Бишкектеги №1 клиникалык ооруканага жаткырылган. Ага “геморрагиялык инсульт” деген диагноз коюлган", - деп айтылат билдирүүдө.


УКМКдан саясий серепчи 10-июнда саат 14:31де ооруканада мээнин сөңгөгүндөгү интрацеребралдык кан куюлуп кеткендиктен каза болгондугун маалымдашты.


УКМК Казакпаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн