Бугу 10, 2024
Убакыт: 12:44
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

СИЗО-1де жаткан Жеңиш Молдокматов ачкачылык жарыялады

26.07.2021 22:53
920
СИЗО-1де жаткан Жеңиш Молдокматов ачкачылык жарыялады


УКМКнын тергөө абагында жаткан саясатчы,  «TURAN» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Молдокматовдун колдоочулары билдирди.


«Бийлик жалган жалаа менен мени үч айдан ашык кармашты. Туура эмес иштерин айтканым үчүн эркиндигиминен ажыратты.Бүгүн мага дагы бир ишти токушту. Ал 9-октябрдагы окуя боюнча шектүү катары кине коюшууда. Сурак протоколуна, шектүү жөнүндө кабарламасына кол койгон жокмун. Бул бийликтин саясий чечимине макул эмесмин. Бүгүнтөн баштап ачкачылык жарыялайм. Чындык үчүн күрөштө акыйкат чечим болбосо менин сөөгүм чыгат. Адилеттүү тергелишин талап кылам!»,-  деп билдирген Жеңиш Молдокматов.


Тактап айтсак, алгачкы козголгон кылмыш иши 2020-ж.5-6-октябрдагы окуялар боюнча (264-берене) болсо, бүгүн (26.07.2021 ж.) Ж.Молдокматовго тергөө тарабынан 2020-жылдын 9-октябрдагы окуялар боюнча КРдин Жазык кодексиндеги 264-беренесинин (массалык башаламандыкты уюштуруу) 1-бөлүмү боюнча шектүү жөнүндө кабарламасы берилип, дагы бир кылмыш иши козголду. Ж.Молдокматов кол коюудан баш тартты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн