Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

УКМКнын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

14.08.2023 13:18
405
УКМКнын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды


Бүгүн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган.

маратты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев салтанаттуу түрдө ачты. Ачылыш аземге ошондой эле президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими Э. Бахавадинов, башкармалыктын өздүк курамы, жана ошондой эле аппараттын кызматкерлери, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Ташиев кызматкерлерди куттуктап, КР УКМКнын кызматкерлери мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн шарттар түзүлө берерин белгиледи.

Ошондой эле, КР УКМК төрагасы актуалдуулугун эске алуу менен, коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, президент тарабынан коюлган Кыргызстанда коопсуздукту камсыз кылууга жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн