Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:48
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМКнын кызматкерибиз деп 180 миң доллар алган жарандар кармалды

УКМКнын кызматкерибиз деп 180 миң доллар алган жарандар кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 10-мартта билдирди.


УКМК белгилегендей, 2020-жылдын октябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин атайын кызматтар мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган иш-чаралардын комплексин жүргүзүп келишкен.


Бул убакыт аралыгында министрликтердин, ведомстволордун, ошондой эле укук коргоо органдарынын жетекчилигинин бир катар кызматкерлери кармалган. Бардык кылмыш иштери тергелип жатат, айрым иштер сотко жөнөтүлдү.

 Тергөөнүн версиясы боюнча, айрым жарандар өздөрүн УКМКнын жетекчилигинин атынан тааныштырып, тергөө амалдары жүрүп жаткан кылмыш ишинде оң чечим чыгаруу үчүн шектүүнүн туугандарынан 180 миң доллар алышкан.


Бул факт бирдиктүү реестрге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен катталган.


Шектүүлөр 9-мартта кармалган. Алар 1972-жылы туулган Кожоев Абдыразак жана 1978-жылы туулган Мамаджанов Кумар болуп чыкты. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн