Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Идрис Кадыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчилик кызматына сунушталууда. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитети Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин карайт.
Азыркы учурда Кыргызстандын Украинадагы элчилик кызматын Жусупбек Жээнбеков аткарууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн